Бишкекте "УКМКнын кызматкеримин" деп тапанча менен коркуткан адамга жабырлануучу тосмо арыз жазды

Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринин алдынан өзүн "УКМКнын кызматкеримин" деп адамдарды тапанча менен коркуткан адамга жабырлануучу тосмо арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда SUPER.KGˊге милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрь күнү 24 жаштагы М.Б. аттуу шаар тургуну Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылган. Жазган арызында кафелердин биринин алдында белгисиз адам өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып аны уруп, тапанча менен коркутканын айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн.

"Бул факты катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок жабырлануучу бүгүн милицияга кайрадан кайрылып, тосмо арыз жазып берди", - деп кабарлашты милициядан.

Ал эми УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов бул окуя тууралуу эгер видеодогу адам УКМКнын кызматкери экени аныкталса, ал катуу жазаланарын билдирген болчу.

Эске салсак, окуя ушул эс алуу күндөрү Кулатов көчөсүндө жайгашкан эс алуучу жайдын алдында орун алган. Анда эс алуучу жайдын алдында чогулган адамдардын ортосунда уруш чыгып, алардын бири экинчисин тапанча менен коркутуп жатканы видеого түшүп калган.

Эс алуучу жайлардын биринин жанынан УКМКнын кызматкери тапанча менен коркутту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан