Ысык-Көл районунда 20 жаштагы бала көлгө чөгүп кетти
Ысык-Көл районунда 20 жаштагы бала көлгө чөгүп
кетти. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, 11-июлда саат 13:00 чамасында Чүй
облусунун Сокулук районунун тургуну, 1993-жылы туулган Э.К. көлгө
түшүп жатып чөгүп кеткен. Аны издөөгө ӨКМнын Суучулдарды даярдоочу
борборунан 6 суучул тартылып, издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжа чыккан эмес. Издөө иштери бүгүн, 12-июлда да улантылууда.