Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 аял каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунун 326-чакырымында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 аял каза болуп, 2 адам алган жаракаттарынан улам ооруканага жеткирилди. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

"20-ноябрь күнү саат 03:33 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 326-чакырымында (Камбар-Ата шаарчасы) токтоп турган Renault үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын аркасынан келип Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1982-жылы туулган О.А. аттуу аял каза болгон. Мындан тышкары 1993-жылы туулган А.уулу.С. жана 1991-жылы туулган С.кызы.Т. аттуу 2 адам жабыркаган. Кырсык катталган жерге ӨКМнын №97-Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, жаракат алгандарды жана каза болгон адамды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - деди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aerforce
2018-11-20 20:44:08
Жолдон көрдүм аябай жаман болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан