Бүгүн, 20-ноябрда өтө турган футбол боюнча Япония-Кыргыз Республикаларынын курама командаларынын жолдоштук беттешине билеттер толук сатылып кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн, 20-ноябрда Япониянын Тойота шаарындагы "Тойота" стадионунда Кыргыз улуттук курама командасы Японияга каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын кызматкери аталган беттешке бардык билеттер сатылганын маалымдады.
"Тойота" стадионуна 45 миң көрүүчү батат. Япония футбол федерациясы бизге бардык билеттер сатылганын айтты. Бирок бизде кыргыз күйөрмандарга берилүүчү акысыз билеттер бар. Азыркы тапта кыргыз күйөрмандар 10 билетти гана алып кетишти. Алып кетебиз дегендердин саны дагы арбын. Япониядагы кыргыздардын көбү Токио шаарында болгондуктан, алар жумуш убактысы бүткөндөн кийин оюнга келип калабыз деп жатышат", - деди ал.
Айта кетсек, беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:20да башталат.