ЖЫЛНААМА, 20-НОЯБРЬ: UFC уюму менен келишим түзгөн кыргыз мушкери Антонина Шевченко 34 жашка толду

Бүгүн, 20-ноябрда чет элге кыргыз элин таанытып, спортто көптөгөн ийгиликтерге жетишкен UFC уюмунун мушкери Антонина Шевченко 34 жашка чыкты.

Шевченко Антонина Анатольевна 1984-жылы спортчулардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 7 жашында апасы Елена Шевченко аны 5 жаштагы сиңдиси Валентина менен спорттук залга алып барат. Келечектеги мыкты мушкерлер алгач таэквондо менен Павел Федотовдун алдында машыга баштаган. Алар азыркы күнгө чейин бирге машыгышат.

Кичинекей кезинен спорттун уруш түрүнөн машыгуу Антонина үчүн бир топ оор болгон. Анын маалымат каражаттарына берген маегинде "8 жашымда 35 килограмм салмак ченинде таэквондо боюнча Өлкө чемпиону болгом. Финалдык беттеште мен ыйласам да мушташууну токтоткон эмесмин" деп айтканы бар. Ал эми машыктыруучусу Шевченкону кичине кезинен шамдагай, ар бир кадамын ойлонуп жасаган кыз болгонун айтат.

2009-жылы Антонина, сиңдиси Валентина жана машыктыруучусу Павел Федотов Перу өлкөсүнө көчүп барышат. Ал жактан спортчулар жергиликтүү мелдештерге катышып, ийгиликти багындырышат. Ал жактан эже-сиңди тапанча менен таамай атуу боюнча мелдештерге кызыгып, бул түрдөн дагы мыкты экенин көрсөтө баштайт. Бул мелдештерде Антонина Шевченко кыз-келиндер арасында күмүш медалды жана эркектер арасындагы мелдешке катышып коло медаль тагынганга жетишкен.

Антонина Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, уруш өнөрүнүн ар кандай түрлөрү боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону. ММА'дин эрежелери боюнча Антонина Шевченко жалпы 5 беттеш өткөрүп, бардыгында жеңишке жеткен.

2018-жылы Антонина UFC уюмунун президенти Дана Уайттын мелдешине катышып, анда америкалык Жеймилин Ниевераны утуп алган. Бул жеңиштен кийин Антонина Шевченко UFC менен келишим түзгөн. Азыркы тапта Шевченко UFC'де алгачкы беттешин өткөрүүгө даярданып жатат. Ал 30-ноябрда Лас-Вегаста алгачкы беттешин түштүк кореялык Жи Йон Кимге каршы өткөрөт.

Спорттон тышкары Антонина мыкты бийлейт, кино жана фотосъёмкаларга катышканды жакшы көрөт.

20-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан