Буга чейин орусиялык интернет колдонуучу Варя Борцова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына таасирдүү окуясын бөлүшкөн. Анда ал чет элден Москва шаарына учуп келип, үйүнө жеткирип барган таксисттин унаасына сумкасын унутуп калганын, буюмун кайтаруу үчүн ал жигит суукка карабай үйүнүн алдында 8 саат күтүп турганына ыраазы болгонун жазган. Сумкасында көп суммадагы акчасы жана документтери болгон.
Борцова окуядан кийин ал таксист ким экенине кызыгып, издөөгө киришкен. Ал Чүй облусундагы Асыл-Баш айылынын 30 жаштагы Кайрат Тентимишев деген тургуну болуп чыкты. Кайрат Тентимишевдин мындай аракети интернетте кызуу колдоого алынып гана тим болбостон, орусиялык, казакстандык басылмаларга жазылууда. Бүгүн, 20-ноябрда Кайрат Тентимишев SUPER.KG'ге окуя боюнча маек курду.
- Москвада кардарыңыздын унутуп койгон капчыгын кайтарып берүү үчүн 8 саат күткөн окуяңызды баяндап берсеңиз?
- Окуя 14-ноябрь күнү болгон. Анда таңкы саат 5те унаама "Шереметьево" аэропортунан бир кызды салып Москва шаарына жеткиргем. Үйүнө жеткенден кийин бир аз жүрүп барып, арткы олтургучту карасам унутуп койгон сумкасын көрдүм. Кайтарып берүү үчүн ал кирип кеткен көп кабаттуу үйдүн алдына барып күтүп турдум. Ал жерден ары-бери өткөндөрдөн сураштырсам тааныбайт экен. Телефону да жок. 8 саат дегенде мен жеткирген кыз сыртка чыкты. Көзүнө жаш алып, кучактап ыраазычылык айтты. Сумкасын кайтарып берип, күндөгүдөй эле жумушумду улантып кетип калгам. Эмнеге мынча талкуу жаратканын түшүнбөй турам. Менин ордумда башкалар болсо деле ушул нерсени жасамак деп ойлойм. Ал күндү мен өзгөчө күн деп эсептебейм. Сумканын ээси табылганына сүйүнүп эле жолумду улап кеткем.
- Эмне үчүн 8 саат күттүңүз, жумушка кетип калуу оюңузга келдиби?
- Кетип калуу тууралуу ойлогон деле жокмун. Кыргыз экенимди айтып, жолдо бир аз сүйлөшүп калган элек. Кетип калсам бүтүндөй кыргыз эли жаманатты болмок. Балким, “сумкамды алып кеткен бойдон кыргыз таксист дайынсыз” деп жамандап жазмак. Үйүнө кирип барууну ойлоп, кайра оюмдан кайттым. Анткени орустар үйүнө эмес, короосуна киргизишпейт. 50дөй батирдин баарынын эшигин каккылап, жашоочулардын тынчын алсам туура болбой калмак.
- Ал кардарыңыз биздин сайтка берген маегинде сиздин бул аракетиңизди жакшы сыпаттаган. Өзүңүзгө жолукканда ыраазычылыгын кантип билдирди?
- Ыраазычылык катары 5000 рубль акча берди. 8 саат убактымды коротуп иштесем деле, балким, ошончо акча тапмакмын. Андыктан ал күндөгү убактым текке кеткен жок деп эсептесек да болот. Эртеси күнү кардарым Варя Борцова мен иштеген компаниядан телефонумду таап, байланышка чыкты. Дагы бир жолу ыраазычылыгын айтып, "менин телефонумду сактап кал, мындан кийин үй-бүлөбүз менен катышып туралы" деди. Мен номерин сактабай калыптырмын. Эми чалса сактап алып, катышып турабыз деген ойдомун.
- Канча жылдан бери Орусияда жүрөсүз жана бул аралыкта эмне иш менен алек болдуңуз?
- Өткөн жылдын декабрь айында келгем. Башында 2 ай ири маркеттердин биринде кассир болуп иштедим. Андан кийин такси кызматына айдоочу болуп жумушка орношком. Ошондон тарта ушул жумушту аркалап келе жатам.
- Орусияда жүргөн башка мекендештердин жагымсыз иштерге барып жатканы сизди кандай ойлорго түртөт?
- Негизи эле бирөөлөрдүн жашоосуна кызыкпаган жанмын. Орусияда жагымсыз иштерге барган мекендештерим тууралуу дээрлик уккан эмесмин. Менин оюмча, жаман иштерден ордуна жакшы жагы менен элдин оозуна алынган мекендештерибиз басымдуулук кылат деп ойлойм.
Бул жакта эмгектенип жүргөн жердештерибиз кыргыз экенин унутпаса, ар бир кылган иши бүтүндөй кыргыз элинин бетине көө жабат же даңктайт экенин эстеп жүрсө деген тилегимди айтар элем.
- Кыргыз жеринде жүргөндө эмне иш менен алектенип жүрдүңүз жана сагынычтан улам жакын арада кайтуу планыңыз барбы?
- Кыргыз жеринде жүргөндө 8 жыл май куюучу жайда кассир болуп иштегем. Андан кийин өзүбүзчө бизнес жүргүзөбүз деп банкротко учурап, келинчегим экөөбүз Москва шаарына келгенбиз. Өз өлкөбүзгө азыр деле кетип калгым келип турат. Бир жылдан бери кыздарымды сагынып, араң турам. Тилекке каршы, шартка байланыштуу бул жакта иштегенге мажбурбуз.
- Канча балаңыз бар, алар азыр кайда?
- 3 кызым бар. Улуу кызым 2-класста, ортончусу 1-класста окуп жатса, кичүүсү 4 жашка чыкты. Кыздарым ата-энемдин колунда. Атам 57, апам 50 жашта. Мага ушундай тарбия берген ата-энем кыздарыма да жакшы тарбия берип жатат. Аларга ыраазымын.
Кайрат Тентимишевдин жубайы Аида Аязбек кызы да өзү менен кошо Орусияда. Ал дагы жолдошунун жакшылык ишин сыймыктануу менен кабыл алып жатканын белгилеп: "Жолдошумдун бул жакшылыгы жагымдуу таасир калтырды. Негизи эле анын ушундай жолго барарына ишенчүмүн. Ал эч качан бирөөнүн буюмуна көз артпайт. Интернеттеги комментарийлерди окуп, жолдошум менен сыймыктанып турам", - деген оюн айтты.