Бишкекте соода борборунун коопсуздук кызматкерлери кардарды ур-токмокко алганы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө

Бишкектеги соода борборлордун биринен коопсуздук кызматкерлери кардарды ур-токмокко алганы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен И.М. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал 17-ноябрь күнү түнкү саат 23:40 чамасында Киев көчөсүндө жайгашкан соода борборунан аны коопсуздук кызматынын бир нече кызматкери ур-токмокко алганын билдирген. Ошондой эле ал адамдарды жоопко тартууну өтүнгөн.

Шаардык милициядан билдиришкендей, бул факт Биринчи Май РИИБинде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Териштирүү иштеринин алкагында соода борборунун коопсуздук кызматкерлери арыз берүүчү мас абалында аларга орой мамиле жасаганын билдиришкен. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан