Өлкөсүнүн желегин жерге таштаган кытайлык жөө күлүк талкуу чордонунда калды

Кытайдын желегин жерге таштаган Хи Ингли аттуу жөө күлүк талкуу чордонунда калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Кытайда өткөн марафондо жергиликтүү жөө күлүктүн күйөрманы алдына чыгып ага өлкөнүн желегин берген. Спортчу көп өтпөй желекти жерге таштап өзүнүн жолун уланткан.
Аталган окуя Кытайда талкууга алынып, кайчы пикирлер жаралган. Көпчүлүгү желекти берем деп жатып спортчуну кармап койгондугу үчүн күйөрманга нааразы болушкан. Анткени спортчу марага экинчи келип калган.

Ал эми Вей Дзинг аттуу спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "жеңиш өлкөнүн желегинен дагы жогору турабы?" деген суроо салган. Өз кезегинде спортчу колдору тердеп, ным болуп калгандыктан желек колунан чыгып кеткенин жана ал аны атайын таштабаганын билдирген.

Көпчүлүк күйөрмандар жана жергиликтүү телеканалдар спортчуну коргоп чыгышкан. Айта кетсек, Кытайда улуттук символикаларга сый мамиле кылбаган жарандар катуу жазаланып 3 жылга чейинки убакытка эркинен ажыратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан