Кыргыз мушкери Рустам Ибрагимов кикбокс боюнча профессионалдар арасында Дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 21-ноябрда мушкер Рустам Ибрагимов кабарлады.
Казакстандын Алматы шаарында каратэ боюнча Дүйнө чемпиондугу өтүп, анын алкагында кикбокс боюнча 3 профессионалдык беттеш орун алды. Рустам Ибрагимов К-1 түрүндө 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Рустам Ибрагимовдун атаандашы казакстандык Мухаммеджан Абдуллаев болду. Беттештин жүрүшүндө Рустам Ибрагимов атаандашына таамай соккуларды узатып, Абдуллаевди бир нече жолу нокдаунга кетирди. Абдуллаев 1-раундда беттешти улантуудан баш тартып, Рустам Ибрагимов чемпиондук курду тагынды.
Айта кетсек, Рустам Ибрагимов Азиянын 3 жолку чемпиону. 2018-жылдын май айында Чолпон-Атада өткөн кикбокс боюнча Азия чемпиондугунда "WAKO PRO" чемпиондук курунун ээси болгон.