Жалал-Абадда айдоочу унаа айдап бараткан жеринен жүрөк оорусу кармап кырсыкка кабылган. Ал каза болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 51 жаштагы айдоочу унаа айдап баратып жүрөк оорусу кармап жол четиндеги даракты сүзүп каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 20-ноябрь күнү болжол менен саат 10:30 чамасында катталган. Анда Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Кызыл-Сеңир айылынын тургуну 51 жаштагы М.А. аттуу жаран өзүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Жалал-Абад облустук ооруканасынын кардиология бөлүмүнө көрүнгөнү келе жаткан. Айдоочу М.А. Кызыл-Сеңир айылынын унаа жолуна жеткенде жүрөк оорусу кармап, унаасы менен жол четиндеги даракты сүзүп каза болгон.

"Жол кырсыгынан унаада жүргүнчү катары бара жаткан эки жаран облустук оорукананын сыныктар бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми каза болгон жарандын бир тууган агасы жол кырсыгы боюнча эч кимдин күнөөсү жок экендигин айтып, маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындоодон баш тарткан", - деди басма сөз кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан