Волейбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу Дүйнөлүк рейтингдин тизмесине кирди. Аталган маалыматты Волейбол федерациясы бүгүн, 21-ноябрда тастыкташты.
Маалыматка караганда, дүйнөлүк рейтинг жыл сайын түзүлөт. Аталган рейтинг 1-октябрда эл аралык Волейбол федерациясынын расмий сайтында жарыяланган.
"Жаңыланган рейтингде Кыргыз улуттук курама командасы өзүнүн 7 упайы менен 176 команданын ичинен 65-орунга турду", - деп билдиришти федерациядан.
Айта кетсек, Кыргыз курамасы Дүйнөлүк чемпиондуктун тандоо туруна катышкан. 2016-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн квалификациялык раундда жеңишке жетишкен. Ал эми 2017-жылы Бишкекте өткөн 2-этапта 3-орунду ээлеген. Оюндардын жыйынтыгында курама команда 7 упай топтой алган.
Рейтингде 1-орунда өзүнүн 315 упайы менен Бразилия, 2-орунду 300 упайы менен АКШ ал эми 3-орунду 266 упай топтогон Италия ээлеген.