Баткенде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторун отвёртка менен сайган айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
"Инспектордун окуясы боюнча териштирүү иштери башталды. Ал эми айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деди басма сөз кызматкери.
Эске салсак, 19-ноябрда Баткенде айдоочу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторун отвёртка менен сайып кеткен.