Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жүк ташуучу эки унааны белгисиз адамдар уурдап кетишти. Анын бирин толугу менен өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 20-ноябрда болгон. Анда Форд Транзит жана Мерседес-Бенц унаалары короодо токтоп турган жеринен уурдалган. Издөө иштеринин натыйжасында эки унаанын бири көл жээгинен, экинчиси ээн талаадан өрттөлгөн абалда табылган. Учурда бул фактыларга байланыштуу иликтөө иштери жүрүп, шектүү жарандар изделүүдө.