Кечээ, 20-ноябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Япония курама командасына каршы жолдоштук беттеш өткөрдү. Беттеш Япониянын Тойота шаарындагы "Тойота" стадионунда өтүп, Кыргыз курама командасынын белгилүү оюнчулары Антон Землянухин, Азамат Байматов жана Мирлан Мурзаев жаракат алганына байланыштуу катышкан жок.
Оюндун алгачкы мүнөтүндө эле япониялык футболчулар контр чабуулга чыгып, Яманака эсеп санын ачса, 19-мүнөттө Генки Харагучи айып соккудан гол жаратып, эсепти 2:0 гө айланткан. 72-мүнөттө Осаконун голу эсеп санын ири айырмачылыкка жеткирсе, 1 мүнөттөн кийин Накажима алыскы аралыктан гол жаратып эсепти 4:0 гө жеткирген. Дал ушул эсеп менен Кыргыз курама командасынын Александр Крестининдин жетекчилиги менен өткөрүлүп жаткан 25-оюну жыйынтыкталды.