2019-жылы эрежесиз уруш боюнча беделдүү уюм UFC Кытайда чоң машыгуу борборун ачат. Бул тууралуу уюмдун вице-президенти Жеймс Кимболл айтты.
Маалыматка ылайык, UFC Кытайдын Шанхай шаарында "UFC Performance Institute" аттуу чоң машыгуу борборун ачып, ага 13 миллион доллар сарптайт. Машыгуу борбору Кытайдын жана Азиянын мушкерлерине профессионалдуу даражага чыгууга жардам берет.
Ошондой эле машыгуу борборунда мелдештер өтүп, борбор UFC'нин Азиядагы штабы болот.