Чүй облусунун Кемин районунда көпүрөдөн өтүп бараткан унаа сууга кулап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя кечээ, 21-ноябрда саат 16:34 чамасында болгон. Анда ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа көпүрөдөн өтүп бара жатып Чоң-Кемин суусуна кулап кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1977-жылы туулган М.А жана 1976-жылы туулган К.Б. аттуу жарандар окуя болгон жерден каза болушкан. Кырсык катталган жерге ӨКМнын куткаруучулары барып, унаага кептелип каза болгон жарандардын жансыз денесин чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.