Түркияда Кыргыз жеринде туулуп өскөн ата-балага жылкы өлтүргөнү үчүн айып салынды

Түркиянын Кайсери шаарында Кыргыз жергесинде туулуп-өскөн ата-бала жылкы өлтүргөндүгү үчүн кармалды. Бул маалыматты haberturk басылмасы жазууда.

Маалыматка караганда, жергиликтүү жашоочулар эки чет элдик жаран жылкыны мууздап жатканын көрүп калышып видеого тартып алышкан. Андан соң бул тууралуу полиция кызматына билдиришкен.

Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери аларды камакка алган. Шаардын ветеринардык кызматы кармалган жарандарга 118 миң сом өлчөмүндөгү айып салган. Кармалгандарды суракка алганда алар жылкынын этин тамак-ашка колдонуу максатында сойгонун айтып беришкен.

Кошумчалай кетсек, Түркияда жаныбарлардын укугун коргой турган атайын мыйзам бар. Эгерде адамдар жан-жаныбарларды аёосуз кыйнап, себепсиз өлтүргөн факты катталса мыйзамда каралган белгилүү суммадагы айып салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Tunerbei1812
2018-11-22 11:15:13
Турктор мал сойбосо эмне эт жешпейби. Уурдап союп жебесе болду.
+2
Take_men
2018-11-22 13:15:26
Tunerbei1812, жылкынын этин жешпейт
+2
CEO1
2018-11-22 14:52:23
ХХХХХХХХ Чындыкты жашырганда эмне?!!

Туркияда жашаган боордошторубуздун жылкы сойгонун да ХХХХХХ, как будто анын жылкысын уурдап союп жаткансып.....
+2
admin_superstan
2018-11-22 16:41:22
CEO1, улуттар аралык түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
+1
Bars88
2018-11-22 11:52:32
Кучум жеткенге каалаганымы кылам дешиптирда.Озунун малын союп атпайбы.Жапайы же уурдалган мал болсо айтып салбайбы
+2
Snejana
2018-11-22 12:41:41
Кайсы жерде журбосун, ошол элдин мыйзамын, маданиятын сыйлаш керек. Тан калыштын кереги жок. Бирок эшектерди, иттерди сатып, союп жеп жургон Кытайларга же башкаларга биздин полицияларыбыздын коз караштары кандай экенинен кабарым жок.
0
Azatbek.Svoboda.
2018-11-22 13:23:56
Snejana,Бизде полиция эмес милиция!
0
CEO1
2018-11-22 14:49:47
Snejana, Эмне, Кыргызстандагы корей, кытайларга ит союп жегени учун штраф салып жатабызбы?!! Же орустар чочко союп жегени учун жектеп жатабызбы?!!

Турктор ат этин жебесе алардын проблемасы. Аларга ат этин саткан эч ким жок. Оздору учун сойсо эмнеге болбосун?!!

-1
shahlet
2018-11-22 19:47:33
Snejana, анда бизде жургондор баш ийбейтко. эшеги барбы башкасы барбы тегиздеп коет ... .


+1
Aikaaaa
2018-11-22 21:04:11
Snejana, бизде кызыл китепке кирген гана жаныбарлар корголот, а калганына уруксаат. Эшек, иттер кызыл китепке кирген эмес да
0
Take_men
2018-11-22 13:23:46
Чучук кымбатка туруп калыптыр да каап
0
Aikaaaa
2018-11-22 20:59:37
Европа жана дагы башка кээ бир өлкөлөрдө тыю салынган, жаныбарларды сойгонго. Бул жерде түрктөр жылкынын этин жебеген үчүн күнөөлөнүп жаткан жок. Жазылып турат го жаныбарлардын укугун коргогон мыйзам бар деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан