Бишкекте жайгашкан батирлердин биринде кечээ, 21-ноябрда 54 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Мындай маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
"21-ноябрь күнү саат 15:40 чамасында чакырылган чалуу менен Сүйөркулов көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине куткаруучулар барып бекилип калган эшикти ачып беришкен. Куткаруучулар үйгө киргенде 1964-жылы туулган Ш.А. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылган. Ал ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми бул боюнча Бишкек ШИИББине байланышканыбызда, басма сөз кызматы маркумдун өлүмүнүн себебин тактап берди.
"Каза болуп калган жаран үйүндө жалгыз жашаган. 2-3 аптадан бери үйүнөн чыкпай калгандыктан кошуналары куткаруу кызматына кабарлашкан. Анын жүрөк оорусунан жабыркап келгендиги белгилүү болду. Тактап айтканда, ал оорудан улам каза болгон. Дене бузулуп, жыттанып баратканына караганда анын өлүмүнө көп болуп калган", - деп билдирди басма сөз кызматы.