Ош шаарында Асылбек Момуновдун элесине арналган футбол боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Мелдеште Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөлөрүнүн командалары катышып, 14 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн 8 команда күч сынашты.
Мелдештин жыйынтыгында, 1-орунду Футбол академиясынын 1-командасы жеңип алса, 2-орунда Таш-Көмүрдүн "Шахтёр" клубу жайгашты. 3-орунду "Академи-2" командасы ээлесе, "Абдыш-Ата" 4-орунда жайгашты.
Ошондой эле футболчулар сыйлыктар менен сыйланышты:
- "Мыкты дарбазачы" - Төлөш Кылычбаев ("Шахтёр");
- "Мыкты коргоочу" - Эмир Кыдыршаев ("Академия-2");
- "Мыкты жарым коргоочу" - Абылайхан Полотбек уулу ("Академия-1");
- "Мыкты чабуулчу" - Нариман Кубатбек уулу ("Шахтёр");
- "Мелдештин бомбардири" - Кудурет Темирбеков ("Академия-1")
- "Мыкты оюнчу" - Үмүт Султанов ("Абдыш-Ата")
- "Мыкты машыктыруучу" - Бакыт Баргыбай уулу ("Академия-1").
Мелдештин жыйынтыгы:
- 1-орун: "Академия-1"
- 2-орун: "Таш-Көмүр"
- 3-орун: "Академия-2"
- 4-орун: "Абдыш-Ата"
- 5-орун: "Хожент" (Тажикстан)
- 6-орун: "ОДЮСШ"
- 7-орун: "Андижан" (Өзбекстан)
- 8-орун: "ДЮСШ"