Тажикстандын Жогорку Cоту велосипедчен туристтерди өлтүрүүгө айыпталган топтун жетекчиси Хусеин Абдусамадовду өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, ага "терроризм", "мыкаачылык менен киши өлтүрүү" сыяктуу 9 оор берене боюнча айып коюлган. Ал эми топтун 2 мүчөсү 16 жылдан эркинен ажыратылса, дагы 12 киши 1 жылдан кесилди.
Кылмышка шектүү деп табылган 15 кишинин сот иши ушул жылдын октябрында башталган. Уюшкан топтун жетекчиси Абдусамадов туристтерге түз кол салгандардын ичинен жалгыз тирүү калган. Дагы 5 кылмышкер кармоо учурунда жок кылынган. Ал эми калган кармалгандар кылмышты жашыргандыгы үчүн айыпталып жаткан.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 29-июль күнү унаада бара жаткан террорчулар жолдун четиндеги чет элдик велосипедчен туристтерди атайылап сүзүшкөн. Бул террордук жол кырсыгынын кесепетинен АКШлык жубайлар Жей Остин жана Лорен Гейган, Нидерланды өлкөсүнүн жараны Рене Вокке, Швейцариянын жараны Хамель Маркус каза болгон. Ал эми Ким Постма жана Дименд Мари оор жаракаттарды алышкан.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу өзүнө алган. Бирок Тажик бийлиги аны четке кагып, кол салуу үчүн азыр өлкөдө тыюу салынганын айтып, "Ислам кайра жаралуу партиясынын" жактоочуларын күнөөлөгөн. Ал эми аталган партия өз кезегинде бул курулай доомат экенин билдирген.