Бишкекте бейбаштыкка шектелип кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте бейбаштыкка шектелип кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Анда ал 15-ноябрь күнү аны сабап кеткен адамдарды жоопко тартууну өтүнгөн. Бул факт Октябрь РИИБинде катталып, "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары ИИМде кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган М.Т. кармалган. Учурда ал соттун чечими менен 2 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан