Кыргыздын жаш хоккейчилери Канадада өтүүчү эл аралык мелдешке катышат

Кыргыздын жаш спортчулары Канадада өтө турган хоккей боюнча эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына хоккей федерациясынын вице-президенти Асель Абдыгулова билдирди.

Аталган мелдеш Канаданын Торонто шаарында 27-30-декабрь аралыгында өтүп, анда 8-9 жаштагы спортчулардан түзүлгөн 9 команда күч сынашат. Кыргыз өлкөсүнөн мелдеште Бишкектин курама командасы машыктыруучу Ринат Мустафаевдин баштоосунда катышат. Бишкек курама командасына "Алга Бишкек" хоккей клубунун оюнчулары жана орусиялык "СКА" хоккей клубунун оюнчусу Асан Абдыгуловдон түзүлгөн.

Айта кетсек, 2017-жылы жаш хоккейчилер АКШнын Чикаго шаарында өткөн "Barrington Ice Arena 2017" мелдешинде жеңүүчү болушкан.

Бишкек курама командасынын тизмеси:

Асан Абдыгулов;

Алихан Алиаскаров;

Азрет Амангельдиев;

Самат Давлетбеков;

Илья Кубрин;

Канат Мамыров;

Георгий Николаев;

Данил Соловьев;

Даниель Фалько;

Умар Эгембердиев;

Умар Эсенов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан