"Лестер" футболдук клубун чемпиондукка алып келген машыктыруучу Клаудио Раньери кайрадан Англия Премьер-Лигасына кайтып келди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 67 жаштагы адис Клаудио Раньери англиялык "Фулхэм" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болду. Раньери башкы машыктыруучу кызматында Славиша Йокановичти алмаштырды. Йоканович АПЛда начар көрсөткүчтөрү үчүн жумуштан алынган.
"Фулхэмдин" жаңы машыктыруучусу болуп Клаудио Раньери шайланды. Клубдун жыйынтыктары мени ушул чечимди кабыл алууга түрттү. Бул чечим туура болгондугуна жана керектүү учурда кабыл алынганына ишенем. Бирок мен Йокановичтин эмгегин баалайм жана ыраазымын. Анткени ал "Фулхэмди" жогорку дивизионго алып келген", - деп билдирген клубдун ээси Шахид Хан.
Белгилей кетсек, Клаудио Раньери “Лестерде” 2015-жылы иштеп баштап, клубдун 133 жылдык тарыхында алгачкы жолу чемпиондукка жеткирген.