Нарында дайынсыз болуп жаткан Азирет Садакбек уулунун жансыз денеси табылды

Нарында дайынсыз жоголуп жаткан 15 жаштагы Азирет Садакбек уулунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, маркумдун жансыз денесин кечээ, 21-ноябрда болжол менен саат 17:00 чамасында мал кайтарып жүргөн жергиликтүү тургундар Жылан-Арык айылынын күн батыш тарабынан, тактап айтканда, Нарын суусунун түндүк тарабындагы жээгинен табышкан.

"Денеге кароо жүргүзгөн учурда эч кандай күч колдонулган белгилер байкалган эмес. Учурда маркумдун ата-энеси милиция кызматкерлерине уулунун өлүмү боюнча эч кандай арыз жазбай тургандыгын жана эч кимге дооматы жок экендигин айтышууда", - деп билдиришти милициядан.


Эске салсак, Нарын районунун 15 жаштагы тургуну Азирет Садакбек уулу дайынсыз болуп изделип жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Oreanda
2018-11-22 13:02:53
Окунучтуу, жайы жаннаттан болсун!Арыз жазбаса да, олумдун себептерин аныктананга уруксат беришсе болмок экен. Ата-энесине омур бою табышмактуу болуп калат баласынын олуму, билбейм эмне дешти да, сабыр берсин Ата-энесине.
+7
Bazana
2018-11-22 15:41:50
Экспертизага берсе сойот, ичегилерин алып салатта катырып койуп бир жумалап текшеришет ошого дообуз жок деп отказ кылгандыр соогун кыйнабайлы деп .
+6
Gulnyr19
2018-11-22 15:58:00
Киши колдуу болсо Алла жазасын берсин. Ата-энеси каттураак урушуп койушканбы же
+3
Kroxa
2018-11-22 22:34:55
Сууга агып кеткен го курган бала..жайын жаннаттан болсун..
+1
Umakg
2018-11-23 07:57:23
Жакшы текшериш керек бул жерде башка нерсе болушу мункун озун озу сууга тыштабайтго
+1
barakcha
2018-11-23 08:36:01
Аллахым ата энесине сабыр берсин!
0
Shaa-82
2018-11-23 09:39:20
Жаткан жери жайлуу болсун! Жакындарына сабыр берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан