Биз социалдык тармакта

Японияда өтүүчү дзюдо боюнча эл аралык мелдеште кыргыз спортчулардын атаандаштары белгилүү болду

Японияда өтүүчү дзюдо боюнча эл аралык мелдеште кыргыз спортчулардын атаандаштары белгилүү болду.

Аталган мелдеш эртең, 23-ноябрда Япониянын Осака шаарында башталат. Мелдешке 71 өлкөдөн 421 дзюдочу, ал эми Кыргыз өлкөсүнөн 8 спортчу катышат.

Кыргыз курама командасы бул мелдеште ага машыктыруучу Сергей Мистрюковдун алдында катышууда. Бүгүн, 22-ноябрда чүчү кулак аземи орун алып, кыргыз спортчулардын атаандаштары белгилүү болду.

Кыргыз дзюдочулардын атаандаштары:

23-ноябрь:

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

Отар Бестаев - Дилмер Калле (Перу)

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

Артур Те - Вендер Матэо (Доминикан Республикасы)

Алмаз Алтынбек уулу - Шуген Накано (Филиппин)

24-ноябрь:

73 килограммга чейинки салмак ченинде:

Асад Масабиров - Хонюан Фанг (Кытай)

Ишен Аманов - Томми Масиас (Швеция)

81 килограммга чейинки салмак ченинде:

Эрлан Шеров - Нугзари Таталашвили (Грузия)

Владимир Золоев - Луис Анхель Сотело (Перу)

25-ноябрь:

100 килограммдан жогорку салмак ченинде:

Юрий Краковецкий - Хисаёши Харасава (Япония)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erjigit-e.15
2018-11-22 15:48:17
Урматтуу балбандар жеништуу кайткыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан