Москвада курулуп жаткан соода борборунда оор түтүктөр кулап, мигранттарды басып калды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, соода борборунун курулушунда КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттар иштеп жаткан жерде оор түтүк кулап кеткен. Окуянын кесепетинен 2 адам жаракат алып, бирөө көз жумган.
Күбөлөрдүн айтымында, жабыркагандардын арасында бирөөнүн буту жулунуп кеткен. Учурда окуя болгон жерде куткаруу жана "Тез жардам" кызматы иштеп жатат. Азырынча жабырлануучулардын абалы жана алар кайсы өлкөнүн жарандары экендиги тууралуу маалымат жок.
Тышкы иштер министрлигинин SUPER.KG'ге берген маалыматына ылайык, жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары бар же жок экени белгисиз. Азыркы тапта окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.