Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Сафаровка айылында төрт классташ кырсыкка кабылып, үчөө каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына каза болгон балдардын атын атагысы келбеген классташы билдирди.
Анын айтымында, каза болгондор кыз ала качуу үчүн бара жатышкан.
"Досторум буга чейин 3 жолу кыз ала качып, бирок кызды жакындары отургузбай алып кетип калышкан. Кырсык болордон мурун алар бир кыз менен сүйлөшүп, анын макулдугун алган соң ала качуу үчүн баратышкан. Жолдон унаасы кырсыкка учурап, 3 досум каза болуп калды", - деди ал.
Аталган факт боюнча Жалал-Абад обулусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына байланышканыбызда мекеме окуя боюнча буларды билдирди.
"Ушул жылдын 20-ноябрь күнү Жалал-Абад-Казарман автожолунун Сафаровка айылындагы бөлүгүндө 22 жаштагы 4 жаран унаа кырсыгына кабылган. Тойота Виш үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан З.у.Р. жана жүргүнчү Ж.у.Т. окуя болгон жерден жан берген. Дагы бир жигит К.у.Ө. Жалал-Абад шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Ал эми А.А. аттуу жаран шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылды. Каза болгон жарандардын жакындары "эч кимге доом жок" деген арыз жазып беришип, маркумдардын жансыз денесин экспертизага жиберүүдөн баш тартышты", - деди басма сөз кызматкери.