Кыргыз спортчусу Айжан Съездбекова шахмат боюнча жаштар арасындагы Батыш Азия чемпиондугунда күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Шахмат федерациясынан кабарлады.
Аталган мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, Айжан Съездбекова кыздар арасындагы 8 жашка чейинки категорияда катышты. Бул категорияда 6 өлкөдөн келген 14 шахматчы күч сынашкан. Мелдештин жүрүшүндө Айжан Съездбекова 2 жолу жеңилип, 1 жолу атаандашы менен тең чыгып, 6 жолу жеңишке жеткен. Бул жыйынтыгы менен ал 6,5 упайга ээ болуп, күмүш медалды тагынды. Алтын медалдын ээси казакстандык Элназ Калиахмет болсо, коло медалга өзбекстандык Шарофатбегим Сайдалиева татыды.