Бүгүн Японияда өтүп жаткан беделдүү мелдеште 3 кыргыз дзюдочу килем үстүнө чыгат

Бүгүн, 23-ноябрда Японияда дзюдо боюнча "Osaka Grand Slam" эл аралык мелдеш старт алат. Анда мелдештин алгачкы күнү эркектер арасында 2 салмак ченинде беттештер орун алат.

Аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн машыктыруучу Сергей Мистрюковдун баштоосунда 8 дзюдочу барып, бүгүн анын үчөө килем үстүнө чыгат.

60 килограммга чейинки салмак ченинде кыргыз дзюдочу Отар Бестаев Перу өлкөсүнүн спортчусу Дилмер Калле менен кез келет.

66 килограммга чейинки салмак ченинде Артур Те Доминикан Республикасынын спортчусу Вендер Матэо менен беттешсе, Алмаз Алтынбек уулу филиппиндик Шуген Накано менен беттешет.

Кыргыз дзюдочулардын атаандаштары:

23-ноябрь:

60 килограммга чейинки салмак ченинде:

1/16 финал: Отар Бестаев - Дилмер Калле (Перу)

66 килограммга чейинки салмак ченинде:

1/16 финал: Артур Те - Вендер Матэо (Доминикан Республикасы)

1/16 финал: Алмаз Алтынбек уулу - Шуген Накано (Филиппин)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан