Бүгүн, 23-ноябрда Өзбекстанда футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы "CAFA Women’s Championship" мелдеши башталат. Анда Кыргыз курама командасы Тажикстан курама командасы менен беттешет.
Беттеш Ташкент шаарындагы "Миллий" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө старт алат.
Мелдеште Кыргыз, Тажикстан, Ооганстан, Өзбекстан жана Иран курама командалары күч сынашат. Башкы машыктыруучу Гүлбара Уматалиева курамга 23 футболчуну чакырган. Алардын арасында испаниялык "Феминино Мадрид" футболдук клубунун оюнчусу Айдана Оторбаева да бар.
23-ноябрда өтүүчү беттештердин тизмеси:
15:00. Тажикстан-Кыргыз өлкөсү
18:00. Өзбекстан-Ооганстан
Кыргыз курама командасынын тизмеси: