Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы "Бишкексвет" муниципалык мекемесинин жооптуу кызматкерлери мамлекеттик бюджетке зыян алып келген факты аныкталды. Жана ошондой эле тиешелүү кызматкерлердин үстүнөн кылмыш иштери козголгон. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
"2016-жылы "Бишкексвет" муниципалдык мекемесинин жана шаардык мэриянын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланып Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар" жөнүндөгү мыйзамын одоно бузушкан. Алар 2017-Жаңы жылга карата шаарды жасалгалоо үчүн сынак өткөрбөстөн "GrandPRO" аттуу ЖЧКны жеңүүчү деп таап, бул фирма менен 16 миллион 250 миң сом өлчөмүндөгү келишимге кол койгон. Мындан тышкары "Бишексвет" муниципалдык мекемесинин кызматкерлери аткарган иш үчүн "GrandPRO" ЖЧКсына кошумча дагы 2 миллион 19 миң сом өлчөмүндө каражат мыйзамсыз которулган. Жасалгалоо боюнча түзүлгөн актыда аткарылган иштер жана майрамдык жасалгалоого керектелүүчү материалдарды сатып алуу үчүн 13 миллион 258 миң 500 сом сарпталганы жазылган. Ал эми "GrandPRO" ЖЧКсынын бажыга тапшырган декларациясында жасалгалоо үчүн 7 миллион 427 миң 900 сом керектелгени жазылган. Сандардын мындай дал келбөөсүнөн улам, мамлекеттик казынага келтирилген чыгым 5 миллион 830 миң 600 сомду түзгөнү аныкталган. Ошентип, жалпы жонунан мамлекеттик бюджетке 7 миллион 849 миң 600 сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген", - деп жазылат маалыматта.