Депутат Шайназаров өкмөт мүчөлөрүнө: "Силер КСДПнын депутаты айтса аткарып, оппозициялык фракция айтса аткарбайсыңар да"

"Силер КСДПнын депутаты айтса аткарып, оппозициялык фракция айтса аткарбайсыңар да". Мындай пикирин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров айтты.

Эл өкүлү билим берүү багытында өкмөткө жардам бере турган жарандар бар экенин айтып, тийиштүү иштерди министрликтер бүтүрүп бериши керектигин эскертти.

"Бизге ар кандай маселелерди айтып келишет. Эл депутаттар айтса эле маселе чечилип калат деп ойлойт экен да. Бирок силер бизди укпайсыңар. КСДПнын депутаты айтса аткарып, оппозициялык фракция айтса аткарбайсыңар да. "Макул" деп коёсуңар болду. Каржы министрлиги, каражаттын баарын бир депуттын суранычы менен эле бир жерге бере бересиңер. Силер тегиз карагыла. Бул мамлекеттин акчасы", - деди Шайназаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан