Жети-Өгүздө мыкаачылык менен өлтүрүлүп арыктан табылган маркумдун өлүмүнө шектүү Бишкектен колго түштү. Кылмыштан кийин шектүү маркумдун унаасын жана жолдон бир торпок уурдай кеткен

Кылмышка шектүү Т.Эрмек.27-октябрда киши колдуу болуп жансыз денеси арыктан табылган адамдын өлүмүнө шектүү кармалды. Мындай маалмыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов билдирди. Белгилүү болгондой, буга чейин маркумдун өлүмүнө шектүүнүн аты-жөнү такталып, ага издөө салынган болчу.

"Буга чейин белгилүү болгондой, 27-октябрда Жети-Өгүз районуна караштуу Жон-Булак айылында арыктын ичинен белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Райондук милициянын тергөө тобу каза болгон адам мыкаачылык менен сабалгандыктан, таанылбай калгандыгын кабарлаган. Аны сабаган союл жансыз дененин жанынан табылган. Маркумдун аты-жөнү такталып, ал Каракол шаарынын 32 жаштагы Бактияр А. аттуу тургуну экени аныкталган. Маркум Каракол шаарындагы кичи райондордун биринде жарандык никеде жашаган аялы менен бирге соода-сатык кылуучу күркө иштетип келген", - дейт Усубакунов.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Андан соң шектүүнүн аты-жөнү такталганы кабарланган. Ал 32 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, мурда мал уурулук менен соттолгон Эрмек Т. аттуу жаран болгон.

"Издөө иштеринин алкагында шектүү Бишкек шаарынан кармалды. Шектүүнүн берген көрсөтмөсүндө ал 26-октябрь күнү өзүнүн унаасын айдап маркум Б.А.нын үйүнө Каракол шаарына келген. Экөөнүн ортосунда аласа-бересе болгон. Каражат тууралуу сөз оңунан чыкпаганда ал Бактиярды унаасы менен Жон-Булак айылына алып барып өлгүчө сабап, арыктын ичине таштап баса берген. Мындан соң ал кайра Каракол шаарына кайтып келип, 25 жаштагы Руслан С. аттуу таанышына жолугуп, экөө маркумдун Ниссан-Сефиро үлгүсүндөгү унаасын айдап кетишкен. Андан соң ошол унаа менен Липенка айылында жашаган тургундун торпогун уурдай кетишкен", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Кармалган шектүүлөр учурда тергөө абагына киргизилип, сурак берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
isarti
2018-11-23 11:47:50
Өлүм жазасын киргизбесе мындай зөөкүрлөр түрмөдөн калды.
+4
almanbetperm
2018-11-23 11:57:33
Шылтоо менен 2,3 иш жабылып кетет экен да
+2
ma2as
2018-11-23 12:05:46
Кытай мамлекетуу сыяктуу олум жазасын киргизсе жакшы болмок .
+2
Kychtyy
2018-11-23 12:21:29
Торпокту жон эле кошуп кюшту бекен же чындап эле урдаштыбы. Азыркы заманда милицияга иленбей турган заман болуп калды
+2
Koichuman
2018-11-23 13:52:41
Маркумдун унасы менен жолдон торпок урдай кетишкен дейтго,портер окшойт депмин.
+3
Modric10
2018-11-23 22:53:46
Жон кетпей торпок ала кетейин десе керек
0
TIMON_BERKOWITZ
2018-11-24 09:08:36
Ниссан Сефирого кантип торпок батты? Делого батса да Сефирого батпайт да торпок. Окшоштуруп койду окшойт аягын.
+1
Matahara1980
2018-11-24 09:12:20
Donkuigan aram tamak darmaed, ach kozdor, eshe torpoktu sala ketkenin kara, any kantip batyrdy eken nissanga, na ХХХХХ ХХХ kamap bagyp oturbai beker tamak berip
0
Parish
2018-11-24 09:28:04
Качан мындай зоокурлорго олумтжазазын киргизет?????
Ээ айткан менен пайда жок!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан