Чүйдө үйгө бет капчан кирип, үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салгандар кармала элек

Чүй облусунун Дөӊ-Арык айылындагы үй-бүлө мүчөлөрүнө болгон кол салууга шектүүлөр кармала элек. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматкери бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Басма сөз кызматкеринин айтуусунда, учурда ыкчам-иликтөө тобу тарабынан кылмышка шектүүлөр изделүүдө.

Эске салсак, Чүй облусунун Дөң-Арык айылында 1 үй-бүлөгө кол салуу болуп, атасы жана апасы, уулу оор жаракаттарды алышкан. Ал эми Токмок аймактык ооруканасынын директорунун билдирүүсүндө жабыркаган жарандар айрынын сабы менен сабалганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rembo2018
2018-11-23 16:20:24
Бироолорго акча карыз болсо керек.шамалы жок чоптун башы кыймылдабайт
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан