Чек арадан баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган Тажикстандын жараны кармалганын Чек ара кызматы билдирди. Маалым болгондой, бүгүн, 12-июлда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чек арачылар өткөрүү пунктунан өтпөстөн, башка тарап менен өтүп кетүүнү көздөгөн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны кармашкан. Унааны тинтүү учурунда 36 килограмм гашиш табылган. Кармалган жаран жана баңгизаты Баткен облусунун укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.