Өзбекстанда өтүп жаткан футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште Кыргыз курамасы жеңилүү ызасын тартып калды

Бүгүн, 23-ноябрда Өзбекстанда футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы "CAFA Women’s Championship" мелдеши старт алып, Кыргыз курама командасы Тажикстан курама командасы менен күч сынашты.

Беттеш Ташкент шаарындагы "Миллий" стадионунда өтүп, кыргыз футболчулары жеңилүү ызасын тартып калды. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө Тажикстан курама командасынын оюнчулары айып соккуну ийгиликтүү аткарып, эсеп санын 0:1 кылып кетишти. Кыргыз футболчулары буга жооп бере албай калып, жеңилүү ызасын тартты.

Кийинки оюнда Кыргыз курама командасы Ооганстан курамасы менен беттешет. Бул беттеш 27-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Айта кетсек, аталган мелдеште Кыргыз, Тажикстан, Ооганстан, Өзбекстан жана Иран курама командалары күч сынашууда. Башкы машыктыруучу Гүлбара Уматалиева курамга 23 футболчуну чакырган. Алардын арасында испаниялык "Феминино Мадрид" футболдук клубунун оюнчусу Айдана Оторбаева да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан