Кыргыз шахматчылары Батыш Азия чемпиондугунда 4 медаль жеңип алышты

Кыргыз спортчулары шахмат боюнча жаштар арасындагы Батыш Азия чемпиондугунда 4 медаль утуп алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Шахмат федерациясынан кабарлады.

Аталган мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, кыргыз спортчулары 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алышты.

Алтын жана 1 күмүш медалды Кыргыз капчыгына Айжан Съездбекова алып келди. Алтын медалды Айжан Съездбекова блиц түрүндө, күмүш медалды стандарт түрүндө утуп алды.

Нурсултан Сакибаев блиц түрүндө 5 жолу жеңишке жетип, 2 жолу каршылашы менен тең чыгып, 1 беттеште жеңилип калды. Жыйынтыгында Сакибаев күмүш медалды тагынды.

Коло медалды Кыргыз капчыгына Бегимай Заирбек кызы алып келди. Ал 18 жашка чейинки категорияда күч сынашып, Блиц түрүндө 6 упай топтоп коло медалды утуп алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан