Кытайдын Юньнань провинциясында куралчан студент окуу жайындагы студенттерге жана мугалимдерге кол салды. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, мунун кесепетинен бир студент каза болуп, 11 адам жаракат алган.
Окуя Аньнин шаарындагы транспорттук-техникалык окуу жайда 23-ноябрда күндүз болгон. Жабыркагандардын арасынан экөө мугалим, тогузу студенттер. Ал эми оор жаракат алган студентти ооруканага алып барышкан, бирок өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес.
Кийинчерээк адамдарга куралчан кол салган студент полиция тарабынан кармалган. 20 жаштагы Ян аттуу студенттин эмне үчүн мындай кадамга барганы такталып жатканы жазылат маалыматта. Окуу жайда кайра иш калыбына келтирилип, окуу уланууда.