Мамлекеттик чек ара кызматы жанына 710 грамм марихуана салып жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-ноябрда чек арачылар ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте баңги затын алып жүргөн жаранды аныктап, кармаган.
"Талас облусундагы чек ара аймактарында ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, анын негизинде шектүү жаран кармалып, андан 710 грамм марихуана табылып алынды. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам милициянын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.