Тажикстандын Согди облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ири суммадагы жасалма акчаны алып жүргөн орусиялык жаранды кармады. Мындай маалыматты Тажикстандын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып бир катар чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта жазылгандай, Орусиянын Новосибирск шаарынын Роман Виданов аттуу 39 жаштагы жашоочусу Тажикстандын аймагына 18 миң жасалма евро менен кирген. Ал Согди облусунун Бобожон Гафуров районундагы банктардын биринен 5 миң еврону алмаштыргандан кийин тартип сакчылары тарабынан кармалган.
"Виданов кармалган учурда жанынан ар бири 500 евролук 36 купюра табылган. Аларды чыныгы евродон айырмалоо кыйын болчу. Анын буга чейин Орусиянын аймагында уурулукка айыпталып 2 жолу соттолгондугу жана жасалма акча чыгарып аны айландыруу менен алектенген улуттар аралык кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги аныкталды.
Сурак учурунда Виданов жасалма евролорду Кыргыз өлкөсүнөн алганын, аны Тажикстанга Исфара аркылуу алып өткөнүн айткан. Шектүүгө карата Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (жасалма акчаларды же жасалма баалуу кагаздарды даярдоо, айландыруу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.