Ал көп жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. 2010-жылы Чеченстандын Эл артисти наамын алган. Жавбердыевдин айтымында, ал лицензияны ырларын радио аркылуу кетирүү үчүн сураган.
“Менин өзбек тилиндеги 40 ырым бар. Ал ырларым чет өлкөдө да угулса деймин” деген San Jay.
“Узбекконцерттин” директору Одилдон Абдукахоров лицензия комиссиянын чечими менен берилерин маалымдаган.
Өзбекстанда San Jay лакап аты менен ырдап жүргөн ырчы Санжар Жавбердыевге лицензия бериш үчүн “Узбекконцерт" мекемеси сакалын алууну талап кылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.