Кыргыз өлкөсүндө туулган мушкер Дмитрий Бивол бокс боюнча чемпиондук курун коргоп калды

Кыргыз өлкөсүндө туулуп, азыркы тапта Орусиянын атынан беттешип жүргөн мушкер Дмитрий Бивол профессионалдуу бокс боюнча Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) чемпиондук курун коргоп калды. Бул тууралуу маалымат аталган ассоциациянын расмий сайтында жазылган.

Беттеш АКШнын Атлантик-Сити шаарында өтүп, 27 жаштагы Бивол жарым оор салмак ченинде канадалык Жан Паскаль менен беттешти. Беттештин жүрүшүндө орусиялык Бивол мыктыраак болуп, атаандашына таамай соккуларды узатып жатты. Беттеш 12 раундга созулуп, жыйынтыгында Бивол калыстардын бирдей чечими менен жеңүүчү аталды.

Бул жеңиш Дмитрий Бивол үчүн профессионалдуу карьерасындагы 15-жеңиш болду, ал азыркы тапка чейин жеңилүү ызасын тарта элек. Ал эми канадалык Жан Паскаль профессионалдуу карьерасында 2 жолу жеңилип, 33 жолу жеңишке жеткен.

Айта кетсек, Дмитрий Бивол WBA'нын чемпиондук курун 2017-жылы тагынган. Бивол 1990-жылы 18-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн. 6 жашынан баштап бокс менен машыга баштаган. 15 жашында Орусияга көчүп кетип ошол жактын жарандыгын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Umakg
2018-11-26 09:40:20
Жакшы
0
Kgda
2018-11-26 11:11:46
Кыргыздын абасын жутуп суун ичкен жигит.
0
Mamiev
2018-11-26 13:58:25
Кыргыз олкосундо төрөлгөн дебей эле койгулачы сыймыктанып. Анча мынчасы звезда болуп интервью бергенде биздин өлкөдө торолгонун айткысы келишпейт экен
0
Kgda
2018-11-26 20:43:48
Неге айтышпайт айтышат эле историясына кирсен окуйсун. Ильзат Ахметов да журотко кыргыз орус жараны болуп интернетте.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан