Балыкчы шаарында катуу шамал социалдык объекттердин жана турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 24-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында шаарда ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткен шамал катталган. Шамал Лев Толстой атындагы орто мектептин 60 чарчы метр чатырын, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин складынын 7 чарчы метр чатырын, 2 турак үйдүн 230 чарчы метр чатырын жана башка бир нече имараттардын чатырларын учурган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү такталып жатат.