Түркияда өлтүрүлгөн орус элчиси Андрей Карловдун өлүмү боюнча кылмыш иши тергелип бүттү. Бул тууралуу жергиликтүү Anadolou мамлекеттик агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка караганда, тергелип бүткөн иштин жыйынтыгында 28 адамга айып тагылат. Алардын арасында Фетхуллах Гүлен жана анын бир нече тарапкери да бар.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 19-декабрында Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго Түркиядагы көргөзмө учурунда куралчан адам ок атып, дипломат окуя болгон жерден каза болгон. Элчиге ок чыгарган Мевлют Мерт Алтынташ ошол жерден полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн. Бул кылмышка катыштыгы бар делип бир канча адам кармалган. Алардын арасында ТРТ мамлекеттик каналынын мурдагы кызматкери, "Gündem Avrasya" жана "Gündem Rusya" журналдарын чыгарган "Guru Medya" ишканасынын ээси да бар.