"Азия Микс" КВН командасынын башчысы Элдияр Кененсаров жубайы менен ажырашып кетти

"Азия Микс" КВН командасынын башчысы Элдияр Кененсаров жубайы Абдил Камила Онайбек кызы менен эки ажырым жолго түштү. Бул тууралуу Элдияр Кененсаровдун жубайы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Жолдошум менен ажырашуу тууралуу чечимди бир жыл мурун кабыл алгам. Анткени эң жакын адамымдын колдоосун көрө алган жокмун. Бардык ишти өзүм бүтүрчүмүн. Кош бойлуу кезимде, толгоом башталган кезде сүйгөн адамым өзүнүн "маанилүү" иштерин бүтүрүп жүрдү. Уулубуздун төрөлгөнүнө 1 ай болгондо көргөн. Ортодо уруш-талаш деле болгон жок. Ошол учурда жолдошум чыгармачылыкка аябай берилип иштеп жаткан эле. Мен ага тоскоолдук жаратпайын деп кичинекей балдарым менен үй-бүлөдөгү маселелерди жалгыз чечип, ал тургай, жолдошумдун долбоорлоруна жардам берип жүрдүм. Канча жер котордук, көчүп-конуп жашадык. Баарына чыдадым. Бирок сүйүктүү адамым тууралуу бир чындыкты угуп аябай капа болдум. Анысына макул деп, бир мүмкүнчүлүк бердим. 2 жыл аралыгында ортобуздагы сый-урмат калыбына келер деп аракет кылдым. Муну бир тараптуу чечим деп кабыл алууга болбойт. Анткени ушунча кыйынчылыктардан кийин жолдошума ажырашалы дегенимде ал дагы макулдугун берди. Экөөбүз тынчтык жолу менен эки башка жолго түштүк.

Мен балдарымдын алдында атасын жаман көрсөтпөө үчүн психология илимин окуй баштадым. Аларга үй-бүлөнү сактай албаганыбыз менен, алардын келечеги үчүн баарын жасап берүүгө даяр экенибизди түшүндүрдүм. Балдарым туура кабыл алды. Учурда балдарым мени менен чогуу турушат.

Ал эми Элдияр менен достук мамилени сактап калдык. Айрым учурда анын чыгармачылыктагы долбоорлоруна жардам көрсөтүп келем. Мисалы, алгачкы клибин тартууда мен режиссёрлук кылгам. Бул пост аркылуу өзүмдүн үй-бүлөлүк абалымды билдиргим келген жок. Болгону ар ким өзүнүн жакшы жашоосу үчүн өзү чечим кабыл алышы керектигин айткым келди", - деген ал өз билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Элдияр Кененсаров менен Абдил Камила 2009-жылы баш кошушкан. Ортодо бир кыз, бир уулу бар. Абдил Камила Кененсаровдон 2 жашка улуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Aksy.24kg
2018-11-26 19:14:39
келин сулуу экен
+13
Hadyja
2018-11-26 19:18:49
Ким эле ажырашкысы келсин,бирок учурда ажырашкандар коп.Эн негизгиси балдар бактылуу болушсун!Бироону сындап,жамандагандан алысмын.Байлардан баштап,орто жашагандар да ажырашып атат.Ортодо кичинекейлер кыйналат.Мне болсо да,ажырашкандар аз болуп, бактылуу уй-булоолор коп болсун!Элибизде бул жамандык кобойду
+9
zevs
2018-11-26 19:26:37
Katyn joldo bala belde deyt nastr tuwurbo andan jakwysy tabylat.
-12
Aikaaaa
2018-11-26 19:26:53
Сүйүктүүм тууралуу бир чындыкты угуп капа болдум дейт, ХХХХХХХ
+19
eddi.
2018-11-26 19:53:07
Элдиярдын аялы казак беле
+1
gulzat85
2018-11-26 21:21:19
Окунучтуу
+7
Asylai88
2018-11-26 21:37:38
Ааламда ажырашып аткан бул экоо эле эмес жанылык деле эмес ажырашып атышат уйлонуп атышат. Бешенелерине жазганын корушот да кимиси куноолуу экенин оздору билет.
-5
aslan_akjol89
2018-11-26 22:37:35
Элдияр,кечирим сурап жарашкыла кайра.Эгер билсен сени адам кылган Камила болчу.
+19
Lekarstvosvoegomuja
2018-11-27 00:00:05
Каааап. Аябай жакшы корчу элем ушул семьяны. Жаман болуптур. Кайра жарашып алсанар жакшы болмок
+10
Aytur
2018-11-27 00:02:11
Эркек адашат аялдын сезими менен ойнойт ошол эле учурда кечирим сурагандан намыстанат бул эн томон сапат. Эркектер да уй булоону сактап калуу учун аракет кылуу керек. Аял жакшы болсо, аял чыдаса, аял унчукпаса, аял кечирсе, аял аял аял... Эмне эркек башкачабы?
+9
Luna15
2018-11-27 08:29:57
Мен Камиланын айтканынар кошулам,куйоон болуп туруп барына озун чуркап,жалгыз кишидей оокат кылган абдан оор,жумушум,жумушум деп жумушуна шылтап жургон эркектер жок эмес
+8
love_you
2018-11-27 08:34:04
Азия mixтин аркасында ушул эже турат да, турькулоп, дем берип, спонсор издеп. интервьюсу бар го, кайсы бир оюн болоордо Эльдиярдын тамагы ооруп калып, Москваны туро кыдырып, жакшы врач таап, айыктырганбыз деп. ушунун баары эле нерв да. мен болсом тажаганда, озун кыл, мага эле керекпи демекмин)
+4
deva
2018-11-27 09:29:04
Семейный кризис болгон го. Ар бир үй-бүлөдө болот. Бул учурда көбүнчө ХХХХХХХ менимче Эльдияр Таптатынакай келинчегин чанып
+1
Dembele84
2018-11-27 12:33:04
Аялы красавица экен го )))
+1
nurhan2702
2018-11-27 15:21:38
Бир аз атактуулукту которо албай калыптыр да Элдияры. Бирок балдарын ойлосо кайра жарашканы жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан