
Аргентина улуттук курама командасынын жана "Барселона" клубунун оюнчусу
Лионель Месси өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына балдарынын видеосун жарыялады.
Видеодо анын Тьяго, Матео жана Чиро аттуу балдары белгилүү "I’m sexy and I know it" ырына бийлеп жаткандыгын көрүүгө болот.
Алгач жүктөлгөн видеодо уулу Тьягонун эле бийлегенин көрүүгө болот, ал эми экинчи видеодо 3 баласы тең бий өнөрлөрүн тартуулап өтүшкөн.
Аталган видеолор жүктөлгөнүнө бир саат боло электе эле 10 миллионго жакын адам көргөн.