Кытай полициясы интернетке кылмыш кылууга шектелип изделип жаткан кыздын сүрөтүн илди. Алдамчылыкка шектелип изделип жаткан кыздын сулуулугу интернет колдонуучуларын таң калтырып жатканын жергиликтүү басылмалар жазууда.
Полиция билдиргендей, изделип жаткан кыз кылмыштуу топтун мүчөсү. Алар алдоо жолу менен барларда жана эс алуучу жайларга келген адамдардан акча алып жүрүшкөн. Укук коргоо кызматкерлери жабырлануучулардын бири белгисиз адамдар анын бир нече миң юань акчасын алып койгонун кабарлаган соң шектүү катары кызды дагы издеп башташкан. Кылмыштуу топ алдамчылык менен жарым жылдан бери шугулданып келгени аныкталган.
Изделип жаткан кыздын аты Цинчэнь Цзинцзин жана ал 19 гана жашта.
Жергиликтүү маалымат булактары Цзинцзиндин классташын таап ал жөнүндө сурашкан. Классташы Цинчэнь мектепте окуп жүргөндө эң сулуу кыздардын сап башында турганын жана жигиттер арасында өтө популярдуу кыз болгонун айткан. Интернет колдонуучулары бул кыз алдамчылык менен алектенип кылмыш кылгандын ордуна келбетин, сулуулугун пайдаланып стример же видеоблогер болсо деле мыкты акча тапмак деп жазышууда.