Түрк аскер тик учагы Стамбулдагы турак үйлөрдүн арасына кулады. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кыйроодон 4 аскер каза болуп, 1 адам жаракат алган.
"Тик учак машыгуу учурунда Стамбулдун аскер базасы жайгашкан Санжактепе аймагына кулаган. Ал имараттын чатырын сүзүп, жерге кулап түшкөн", - деп жазылат маалыматта.
Тик учак конуп жатканда пайда болгон техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кыйраган.