Бүгүн Өзбекстанда өтүп жаткан футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште Кыргыз курама командасы Ооганстан менен беттешет

Айдана ОторбаеваБүгүн, 27-ноябрда Өзбекстанда футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы "CAFA Women’s Championship" мелдешинин 3-туру орун алат. Анда Кыргыз курама командасы Ооганстан курама командасы менен беттешет.

Беттеш Ташкент шаарындагы "Миллий" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө старт алат.

Буга чейин Кыргыз курама командасы 1-турда Тажикстан курама командасы менен ойноп, 0:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган.

Мелдеште Кыргыз, Тажикстан, Ооганстан, Өзбекстан жана Иран курама командалары күч сынашат. Башкы машыктыруучу Гүлбара Уматалиева курамга 23 футболчуну чакырган. Алардын арасында испаниялык "Феминино Мадрид" футболдук клубунун оюнчусу Айдана Оторбаева да бар.

Кыргыз курама командасынын тизмеси:

  • Дарбазачылар:
    • Айчүрөк Толонова, Дильнура Абибулла кызы (ЧО СДЮШОР);
  • Коргоочулар:
    • Заирина Ахматкулова, Насибахон Анарбаева (Эдельвейс), Айдай Нурлан кызы, Алтынай Канатбек кызы (СДЮШОР СИ), Сабина Конушбаева (Илбирс), Айгерим Жаркулова (ЧО СДЮШОР), Ирина Дорофеева (Абдыш-Ата), Баяна Келишова(Каракол)
  • Жарым коргоочулар:
    • Кенжебүбү Ырысбек кызы, Бактыгүл Токтоболотова, Айжана Боронбекова, Виктория Далингер (ЧО СДЮШОР), Айтурган Аскар кызы (Илбирс), Адинай Кылычбек кызы, Адинай Дүйшөбаева (Каракол), Аделя Эркинбаева (ЧО СДЮШОР), Айпери Саскеева (Ысык-Көл)⠀
  • Чабуулчулар:
    • Шахноза Ибраимова, Сивиля Мамедова (ЧО СДЮШОР), Айдана Оторбаева (Феминино Мадрид), Анна Зародина (СДЮШОР СИ).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан