Бишкек шаарындагы Аккула ат майданында ат чабыш сезонунун жабылышына карата мелдеш өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Мелдеште өлкөнүн бардык аймактарынан келген 101 катышуучу ат салышты. Алар кыска аралыкка ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш боюнча мыктыларды аныкташты.
Мелдештин жыйынтыгы:
Тай жорго - 2 миң 500 метр
1-орун: Маркиза аттуу тулпар, ээси – а/з "Эльдияр". Байге 8 миң сом;
2-орун: Парфира аттуу тулпар, ээси – а/з "Реал". Байге 4 миң сом;
Тай чабыш - 5 миң метр:
1-орун: – Каскалдак аттуу тулпар, ээси Мирхат Булгынов (Казакстан, Алматы). Байге 20 миң сом;
2-орун: Сүлүк Кара аттуу тулпар, ээси Өскөнбай Карачолоков. Байге 10 миң сом;
3-орун: Алга аттуу тулпар, ээси Нияз Өмүрбеков. Байге 5 миң сом;
Кунан жорго - 7 миң метр:
1-орун: Жозефина, ээси – а/з "Реал". Байге - 12 миң сом;
2-орун: Келечек аттуу тулпар, ээси Александр Федоров. Байге 8 миң сом;
3-орун: Чайка аттуу тулпар, ээси Турсунбек Адамалиев. Байге 5 миң сом;
Кунан чабыш - 11 миң метр:
1-орун: Хан Күрөң аттуу тулпар, ээси Ырысбай Ниязбеков. Байге - унаа;
2-орун: Трон аттуу тулпар, ээси Мадали Ойтемиров. Байге 30 миң сом;
3-орун: Пальмира аттуу тулпар, ээси Би Шан Ло. Байге 15 миң сом;
Бышты жорго - 9 миң метр:
1-орун: Шакира аттуу тулпар, ээси Самат Мамадалиев. Байге 20 миң сом;
2-орун: Пестон аттуу тулпар, ээси Нурбек Сагынов. Байге 10 миң сом;
3-орун: Поэма Лок аттуу тулпар, ээси Усупжан Самаков. Байге 6 миң сом;
Ат чабыш - 2 миң метр:
1-орун: Метеор аттуу тулпар, ээси Таалай Бурганаков. Байге 15 миң сом;
2-орун: Ионна Грайс аттуу тулпар, ээси Нурбек Ташболот уулу. Байге 10 миң сом;
Жорго салыш - 11 миң метр:
1-орун: Гориславна аттуу тулпар, ээси Турсунбек Адамалиев. Байге 30 миң сом;
2-орун: Асуар аттуу тулпар, ээси Турсунбек Адамалиев. Байге 15 миң сом;
3-орун: Альбурак аттуу тулпар, ээси Толубай Жылкыбаев. Байге 10 миң сом
Ат чабыш - 31 миң метр:
1-орун: Жел Күрөң аттуу тулпар, ээси Алинур Назарбаев (Казакстан). Байге 50 миң сом;
2-орун: Дос аттуу тулпар, ээси Турдубек Мамытов. Байге 25 миң сом
3-орун: Данчик аттуу тулпар, ээси Ринат. Байге 15 миң сом.